Акыркы 6 жылда ИИМге 2 миңден ашык кызматтык унаа берилди

 Акыркы 6 жылда ИИМге 2 миңден ашык кызматтык унаа берилди

Акыркы 6 жыл ичинде Кыргызстандын ички иштер органдарына 2 миңден ашык кызматтык унаа берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен “Кабар” маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында масштабдуу программа ишке ашырылып, кызматтык автопарк 90 пайызга жаңыртылды. Мындан тышкары, ички иштер органдарынын бөлүмдөрү заманбап байланыш каражаттары, GPS-навигация жана техникалык көзөмөл системалары менен жабдылган атайын унаалар жана техника менен камсыз болду.

Белгиленгендей, акыркы 6 жылда берилген кызматтык транспорттун саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Жаңыланган автопарк милиция кызматкерлерине шаарларда гана эмес, өлкөнүн алыскы, тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарында да коомдук тартипти натыйжалуу камсыз кылууга шарт түзөт.

Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Нурлан Исмаилов “Биринчи радиого” берген маегинде белгилегендей, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлерине 102 жаңы унаа, анын ичинде кайгуул унаалары жана атайын техникалар тапшырылды.

Анын айтымында, жаңы унааларды алуу менен катар ата мекендик өндүрүштү колдоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Буга өлкөдө унаа чогултуучу заводдордун ачылышы өбөлгө түзүп, ички иштер органдары кызматтык керектөөлөр үчүн жергиликтүү өндүрүштөн чыккан унааларды алууда.

“Мамлекетибизде унаа чогултуучу атайын заводдор ачылганына байланыштуу ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында учурда ошол жерде өндүрүлгөн унааларды кызматтык керектөөлөр үчүн алып жатабыз. Албетте, бул унаалардын өзгөчөлүктөрү бар. Алар кызмат өтөө шарттарына жана аймактардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган. Мисалы, шаар жеринде колдонууга жеңил жана жөнөкөй унаалар, ал эми тоолуу аймактарга жана алыскы өрөөндөргө жол тандабастар, бийик унаалар берилүүдө”, — деди Нурлан Исмаилов.

Связанный пост