Таласта ыкчам топ жер титирөөдөн жарака кеткен объектилерди кыдырууда

Талас облусунун Талас районунда жер титирөөгө байланыштуу ыкчам топ түзүлүп, учурда силкинүү катталган Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылына барышты. Алардын алдын ала билдирүүлөрү боюнча 5 турак жайдын дубалдарынан жарака кеткен.

КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде саат 05:15де ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам жыйынга чогулуп, абалды көзөмөлдөө, айыл аймактардан маалымат алуу, чара көрүү, кесепеттерин тактоо ишерин алып барууну талкуулашты.

Каракол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы берген маалыматтарына ылайык саат 06:00гө карата абал тынч, жергиликтүү тургундардан кайрылуулар азырынча түшө элек. Ал эми ыкчам жеринде тактоо иштерин жүргүзүүнү улантат.

❗Белгилей кетсек, бүгүн, 28-мартта КР Сейсмология институту саат 04:42де Казакстандын аймагында күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын, Талас облусунун Талас районундагы Каракол айыл аймагынын  Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймактарында 4 балл болгонун маалымдады.

Связанный пост