Таласта Т.Айтматовдун 120 жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өттү

30-сентябрда Улуттук “Манас Ордо” комплексинде саясий жана мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун 120 жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш- чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурулган .
Маданий программа жана улуттук оюндар менен коштолгон иш-чарага бир катар расмий өкүлдөр, атайын чакырылган коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш- чаранын алкагында уз чеберлер арасында “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” эл аралык фестивалы, Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы обондуу ырларды жандуу аткаруу боюнча сынагы өтүп, Төрөкул Айтматов менен Чыңгыз Айтматовго арналган сүрөт көргөзмөлөр уюштурулду.
Аны менен бирге, кыргыздын улуттук оюндары коштолуп, байгелер коюлду.
Маданий иш-чаранын кечки бөлүгүндө Айтматовдордун өмүр жолун чагылдырган театрлаштырылган коюулум тартууланып, аны концерттик программа коштоду.
Эске салсак, Талас жергесинде өткөн бул маданий иш –чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” эл аралык фестивалынын байге фондун каржылады.
Иш-чарага министр Алтынбек Максутовдун куттуктоосун “Кыргызреставрация” илимий изилдөө жана долбоорлоо институтунун директору, министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Мукталы Бектеналиев окуп, иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирди.

Связанный пост