Таласта кайыр сурагандардын өздүгү текшерилди

Бүгүн, 14-мартта Талас шаарынын мэрясы жана ШИИБ дин инспекторлору менен борбордук базардын айланасында кайыр сураган жарандардын өздүгүн тактоо жана текшерүү иши жүргүзүлдү.

13-15-мартка чейин кароосуз калган балдарды жана көчөдө кайыр сурагандардын өздүгүн текшерүү иши жүргүзүлөт.

 

Текшерүүнүн жүрүшүндө кайыр сурагандардын өздүгүн тактоо максатында убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, өзбек улутундагы жарандар экени аныкталды.

 

Мындан тышкары, базардын айланасында кайрымдуулук сурап, акча чогултуп жаткан жарандарга эскертүү берилди.

 

Эскерте кетсек аталаган иш-чара атайын түзүлгөн графиктин негизинде 15-мартка чейин жүргүзүлөт.

Связанный пост