Президенттик шайлоо: Бүгүн талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт
Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандар Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жана мыйзамда белгиленген документтерин тапшырышы керек.
“Талапкерди каттоо үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоо жана мыйзамда белгиленген шайлоо төгүмүн төлөө талап кылынат. Шайлоочулардын колун электрондук түрдө “Түндүк” тиркемеси аркылуу да топтоого болот”, – деди ал.
Ал белгилегендей, БШК документтерди кабыл алгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде текшерет. Эгер документтерде кемчиликтер аныкталса, талапкерге аларды оңдоо үчүн 48 саат берилет.