Таласта базардын тегерегинде башаламан сооданы жоюу максатында рейд жүргүзүлүүдө

Талас шаарынын мэриясынын жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери базардын айланасын ирээтке келтирүү максатында рейд жүргүзүү иштерин улантууда.

Көзөмөл иштерин жүргүзүүдө соодагерлердин өзүнө тийиштүү соода күркөлөрүнөн тышкары жөө адам өтүүчү тротуарларда, жол тилкелеринде башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан сатуучулардын соода кылууга ылайыкталган темир такталары алынып, базардын тегереги ирээтке келтирилди.

Белгилей кетсек, айрым соодагерлер жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларда соода жүргүзүп жөө адамдар үчүн бир топ түйшүк жаратып келет. Мыйзам талабына ылайык, соодагерлер соода иштерин атайын уруксат берилген жайларда, соода күркөлөрүнүн ичинде гана жүргүзүүгө тийиш.

Эске салсак, башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан жарандарга буга чейин бир катар эскертүүлөр берилип келген.

Связанный пост