Таласта 9 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушуна старт берилди

Президенттин тапшырмасы менен Талас шаарында кошумча ипотекалык көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна расмий түрдө старт берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, бир ай мурун мамлекет башчысы Талас жана Нарын облустарында жеткиликтүү батирлер өтө аз экенин баса белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырган.
“Бүгүн биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Талас шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушуна старт бердик.
Талас шаарында тарыхта биринчи жолу 9 кабаттуу турак үйлөр курулууда. Бул үйлөргө лифттер орнотулат, батирлердин саны 405 болот. Бир бөлмөлүү, эки бөлмөлүү жана үч бөлмөлүү батирлерден тышкары, унаа токтотуучу жайлар да каралган. Бул долбоор таластыктар үчүн жаңы деңгээлдеги жашоо шартын түзөт”, – деди ал
Ошондой эле Туманбаев Алымкулов көчөсүндө салынып жаткан 319 батирден турган турак үйлөрдүн абалы менен да таанышты.
“Курулуш иштеринин темпи жакшы, аларды 2026-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.
Биздин негизги максат ар бир жараныбызды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу. Бул иштердин баары элибиздин турмушун жеңилдетип, үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосуна жол ачуу үчүн жасалып жатат.
Талас шаары мындан ары да өнүгүп, өсө берсин”, – деди Туманбаев.