Таласта 7 миңден ашык акылдуу эсептегичтер орнотулду
Таласта 7 миңден ашык акылдуу эсептегичтерди орнотулуп бүттү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Талас электр тармактар ишканасы 2025-жылдын ичинде Манас, Бакай-Ата, Айтматов жана Талас райондорунда жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштерин баштады.
Талас районунун тургундары үчүн 10 842 даана, Манас районунда 5 600 даана, Бакай-Атада 7 800 даана жана Айтматов районунда 12 500 даана акылдуу эсептегич орнотулмакчы.
Белгиленгендей, бул иш-чара электр энергиясын колдонуу боюнча так маалыматтар алууга жана чыгымдарды башкарууга жардам берет.
“Бүгүнкү күндө Талас районунда 2 566 даана, Манас районунда 860 даана, Бакай-Ата районунда 2 230 даана, жана Айтматов районунда 1 656 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп бүттү. Бул иш-чаранын алкагында жалпы 7 312 даана акылдуу эсептегич орнотулду”,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2024-жылы Талас шаарына 6 092 даана акылдуу эсептегич орнотулган.