Таласта 375 орундуу мектептин курулушу аяктады
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында жаңы мектептин курулуш иши аяктап, ишке берилүү алдында турат.
Мамкурулуштан билдиришкендей, мектеп 375 орундуу, 2 кабаттан турат. Имаратта компьютердик класс, спорт зал, ашкана, ажаткана бар.
Мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, айыл тургундары 24 жылдан бери эски бала бакчаны мектеп катары пайдаланып келишкен.