Таласта 21 миңден ашуун “акылдуу” эсептегич орнотулду

 Таласта 21 миңден ашуун “акылдуу” эсептегич орнотулду

Талас облусунда 21 миңден ашуун «акылдуу» эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облустун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда пландалган 35 688 даана акылдуу эсептегичтин ичинен 21 370 даанасы орнотулуп бүттү.

  • Бакай-Ата районунда пландалган 7 800 даана эсептегичтин ичинен — 5 981 даанасы орнотулду.
  • Айтматов району 11 360 даана эсептегич пландалып, анын 6 098 даанасы орнотулду.
  • Талас району 11 328 даана эсептегичтин ичинен — 6 586 даанасы ийгиликтүү орнотулду.
  • Манас району 5 200 даананын ичинен — 2 705 даанасы туташтырылды.

Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.

Связанный пост