Таласта 2015-жылы башталган 225 орундуу мектептин курулушу бүттү

100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы 225 окуу орундуу мектептин курулушу аяктады.

Объекттин курулушу 2015-жылы Республикалык бюджеттин эсебинен башталган, долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген.

Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 2517 чарчы метрин түзөт.

Связанный пост