Таласта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлөт

 Таласта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу чаралары күчөтүлөт
Бүгүн, 8-февраль күнү Талас шаарынын аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурум Талас шаарынын мэриясы жана Талас ШИИБ менен биргеликте уюштурулуп, ага Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасы Р. Джеенбеков, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, комиссиянын орун басары А. Шекербеков жана комиссиянын курамындагы мүчөлөр катышты.
Отурумдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана алдын алуу иш-чараларынын алкагында 2024-жылдын январь айынын ичинде кандай иш-чаралар жүргүзүлгөндүгү боюнча маалыматтар берилип, алдыда аткарыла турган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
Бекитилген иш планга ылайык, комиссиянын мүчөлөрү үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандарга жана балдарга мыйзам чегинде юридикалык, укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардамдарды көрсөтүү жана калк арасында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды алып баруу боюнча милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас шаарынын мэриясы Талас шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте шаар аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу багытында күчөтүлгөн тартипте бир катар иштерди жүргүзүп келет.

Связанный пост