Талас шаарынын көчөлөрү кеңейтилет

 Талас шаарынын көчөлөрү кеңейтилет
Талас шаарынын мэринин №185 “Талас шаарынын көчөлөрүндөгү мыйзамсыз кызыл сызыктан чыккан жеке менчик турак үйлөрдүн чектерин тактоо” боюнча буйругунун негизинде Талас шаарынын ичиндеги жеке менчик турак жайлардын кызыл сызыктан чыгып кеткендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы, Кадастр мамлекеттик мекемеси, Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын тиешелүү адистери тарабынын коммиссия түзүлүп, кызыл сызыктан чыгып кеткендер аныкталган учурда жазуу түрүндө эскертмелер берилүүдө. Эскертүүлөрдүн негизинде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин тийиштүү талаптар аткарылбаган учурда мажбурлоо жолу менен муниципалдык жер аянттары кайтарылып алынат.
Кызыл сызыктан сырткары чыгып кеткендерди аныктоо жана тийиштүү чараларды көрүү Талас шаарынын бардык көчөлөрүндө улантылат.

Связанный пост