Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө
Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө. Бул туралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Рейддин максаты эмгекке тартылган жаш өспүмдөрдү аныктоо, алардын ата-энелерине жана жумуш ордун камсыздап берип жаткан физикалык жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Өспүрүм балдар акча табуу, мектепке даярдануу максатында ар кандай жумушка иштеп үй бүлөсүн жана өзүн багууга аракет кылышат. Бирок кээ бир учурларда оор шарттарда, ден соолугуна зыян тийгизген эмгекти аткаруу болуп калууда.
Талас шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы шаардык билим берүү мекемеси менен бирдикте атайын рейд өткөрүүдө. Анда борбордук базар, комдук тамактануу, дүң магазиндер, соода түйүндөр жана унаа жуучу жайлар текшерилди. Текшерүү учурунда унаа жуучу жайда иштеген 3 бала, жер-жемиш саткан базарда 3 жана соода сатыкта иштеген 5 өспүрүм аныкталды. Алардын ата энелери чакыртылып, иштеген жердеги жетекчилерине эскертүүлөр берилип, айрымдарына административдик протоколдор түзүлдү.