Тай боксу боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан келди

 Тай боксу боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынан келди
Тай боксу боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти.
Cпортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев , Кыргызстандын тай бокс федерациясынын вице-президенти Минна Нитин , спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатында курама команда жалпы 14 медаль (6 алтын, 5 күмүш, 3 коло) жеңген.
Мелдеш 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өттү.

Связанный пост