Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Улуу Жеңишке жетишүүдө кыргызстандыктардын салымы чоң болгон

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган салтанатка катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгилеп: “Аталарыбыз көп улуттуу мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн”, – деди.

Ошондой эле 9-май оруктагы оор турмуштун запкысын тарткан адамдардын да эмгегин эске салган күн экенин айткан Төрага кыргыз элинин Улуу Жеңишти камсыздоого кошкон салымына токтолду.

Тагыраагы кан майданга 360 миңдей кыргызстандык катышканын билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Алардын ичинен 130 миңден ашыгы курман болуп, 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланышкан. 22 адам Даңк орденинин толук ээси, 77 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Биз алардын катарында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев өңдүү баатырларыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Согуштан кайтпай калгандардын элеси ар бир кыргыздын эсинде түбөлүккө сакталып, алардын ысымдары урпактан-урпакка айтыла берет”, – деди.

Мындан тышкары, согушка катышып, ошол алааматтын күбөсү болгон ардагерлердин саны жылдан-жылга азайып бара жатканын өкүнүү менен белгилеген Төрага: “Бирок бүгүнкү муун, өзгөчө келечек ээлери адамзат тарыхындагы кандуу окуянын курмандыктарын унутпай, баатырларыбыздын ысымдарын эскере жүрүшү керек. Айрыкча жаштар азыркы тынч жашообуз канчалаган кыйынчылыктар менен келгенин билиши зарыл”, – деди.

Сөзүнүн аягында жалпы салтанаттын катышуучуларын Кыргыз парламентинин атынан Жеңиш майрамы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин Төрагасы КМШ ПААнын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чаранын маанилүүлүгүн кошумчалады.

Андан соң катышуучуларга майрамдык концерт тартууланып, Жеңишти даңазалаган чыгармалар аткарылды.

Связанный пост