Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Туристтердин меккеси болууга Кыргызстаныбыздын толук мүмкүнчүлүгү бар
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Жалал-Абад облусундагы иш сапары Ала-Бука районунда уланды.
Алгач Төрага Сафед-Булан айылындагы “Шах-Фазиль” мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинин дирекциясынын административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Алсак, имараттын курулушу 2023-жылы башталып, ага жалпы 27 млн сом бөлүнгөн.
Шах-Фазиль эстелиги архитектура жана көркөмдөлүшү жагынан өткөн доордун өрнөктүү мисалы эле эмес, ыйык жайлардын бири экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу күмбөзгө да зыярат кылып, куран окуду.
Андан тышкары, жергиликтүү эл менен да жолугушуп, тарыхый жайды өнүктүрүү жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.
“Мамлекет тарабынан акыркы жылдары тарыхый эстеликтерди реконструкциялап, туристтик жайга айлантуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Анткени биз заманбап техникаларды чыгара албашыбыз мүмкүн, бирок кооз табиятыбыз, тарыхый жайларыбыз жана архитектуралык эстеликтерибиз аркылуу туристтерди тартып, башкалар менен тең тайлаша алабыз. Туристтердин меккеси болууга Кыргызстаныбыздын толук мүмкүнчүлүгү бар”, – деген Төрага Шах-Фазилге алып барган жол кийинки жылы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрүн маалымдады.
Муну менен катар тарыхый эстеликтерди, байыркы экспонаттарды сактап, эми жаңы музейге өткөрүп жаткан жергиликтүү элге ыраазычылыгын билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Сиздер болбосуңуздар баары жок болуп кетмек. Бабалардын мурасына аяр мамиле кылып, келечек муунга калтырууга көмөкчү болгон сиздердей мекендештерибиз менен сыймыктанабыз”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле Төрага 2011-жылы маданият жана маалымат министри болуп турган учурда Шах-Фазиль күмбөзүн реконструкциялоого 11,6 млн сом каражат бөлдүрүп, жаңылоого көмөктөшкөнүн да эске салды.
Андан соң Нурланбек Тургунбек уулу Сафед-Булан айылындагы жергиликтүү базардан да кабар алып, андагы эл менен да баарлашты. Элеттеги инфраструктуралык маселелерди чечүүгө жергиликтүү бийлик өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгилеген Төрага аларга базардагы шартты жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.