Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен барды
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Республикасына расмий сапары менен барды.
Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасын Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода баштаган жетекчилер тосуп алышты.
Эскерте кетсек, эки күнгө созула турган расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Рустами Эмомали жана Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода менен жолугушары күтүлүүдө.