Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Республикасындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Тагыраагы, Төрага Рустами Эмомали өзү жетектеген Жогорку Жыйындын Улуттук Кеңешинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, жыйындар өтчү залын көрсөтүп чыкты.
Андан соң Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жогорку даражалуу конокторго арналган атайын китепчеге каалоо-тилегин жазып калтырды.
Эскерте кетсек, Тажикстандын парламенти эки палатадан туруп, бири Улуттук Кеңеш (33 сенатор) деп аталса, экинчиси Өкүлдөр палатасы (63 депутат) деп айтылат.