Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын парламентинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча ой бөлүштү.

Алгач Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Файзали Идизоданы Өкүлдөр палатасынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Ошону менен катар Төрага Кыргызстан эзелтен коңшу жашаган эки элдин байланышын бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Чек ара маселесинин чечилиши кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түздү. Эки өлкөнүн парламенттери тиешелүү келишимдерди тез арада ратификациялап, тарыхый чечимди тоскоолдуксуз колдоп бердик. Мындан ары да керектүү макулдашуулардын ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөк көрсөтүп, бардык багыттагы алакаларды арттырууга ар тараптуу жардамдарыбызды беришибиз керек. Анткени, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн башкы куралы болуп эсептелет”, – деди.

Андан тышкары, Парламенттер аралык комиссия түзүү демилгесин көтөрүп: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган комиссиянын жобосун иштеп чыгып, алгачкы отурумун кийинки жылы Бишкек шаарында өткөрүүгө даяр”, – деген Төрага тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да биргелешип иш алып баруу керектигин кошумчалады.

Жолугушууда соода байланыштарын өнүктүрүү сунушу да айтылып, Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Тажикстанга эт-сүт, шекер азыктарын, текстиль, көмүр, айнек жана башка продукцияларды экспорттоого кызыкдар экендигин билдирди.

“Соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Жакын коңшу мамлекет катары инфраструктуралык маселелерди тез арада чечип, ортодогу потенциалды толук пайдаланышыбыз керек”,– деди Төрага.

Өз кезегинде Файзали Идизода Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы катары кыргыз-тажик кызматташтыгын чыңдоого өзгөчө көңүл бурарын айтып, эки тараптуу алакаларды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Ошону менен катар чек ара өткөрмө жайларынын ачылышы эки элдин байланышын өнүктүрүүгө өзгөчө түрткү бергенин белгилеп: “Бул чектеш жашаган эки калктын жашоосун жакшыртууда чоң мааниге ээ. Биз Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга кызыкдарбыз”, – деген Файзали Идизода Жогорку Кеңештин Төрагасынын Парламенттер аралык комиссия түзүү тууралуу сунушун колдой тургандыгын билдирди.

Связанный пост