Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Шекафтар – Айры-Там унаа жолун жыл аягына чейин бүткөрүү талабын койду

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Шекафтар – Айры-Там унаа жолунда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.

Алсак, 10 чакырымды түзгөн аталган жолдун курулушуна республикалык бюджеттен 318 млн сом каралган. Учурда сел өтүүчү курулмалары жасалып, жээгин бекемдөө жана шагыл төгүү жумуштары жүрүүдө.

Төрага жасалып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырып: “Бул жолдун аймак үчүн мааниси чоң. Андыктан, жергиликтүү элдин турмушун жакшыртууга көмөкчү болгон жолдун курулушун сапаттуу жүргүзүп, бардык жумуштар белгиленген талапка ылайык аткарылышы керек”, – деди.

Ошондой эле аймактын табигый өзгөчөлүктөрүн жакшы билерин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу жолду салуу ишин жылдын аягына чейин улантууга болорун айтып: “10 чакырым жолду кийинки жылга калтырбай, 2026-жылдын 1-январына чейин бүткөрүшүбүз зарыл”, – деген талабын койду.

Связанный пост