Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Россия Федерациясы менен калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, бул жолугушуу алакаларды дагы тереңдетүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.
“Жылдан-жылга байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, эки өлкө башчыларынын 2023-жылы уюштурулган эки тараптуу расмий сапарлары өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түздү. Андыктан, жетишилген кызматташтыкты мындан ары да улантуу үчүн парламенттер аралык байланыштарды арттыруубуз кажет. Анткени, парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ”, – деди Төрага.
Бул багытта Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Думанын ортосундагы диалог эл аралык аянтчаларда да жигердүү өнүгүп келе жатканын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу буга КМШ ПАА жана ЖККУ ПА өңдүү парламенттер аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарды мисал кылды. Ошондой эле өткөн жылы Федералдык Кеңештин жана Мамлекеттик Думанын жетекчилеринин чакыруусу менен Жогорку Кеңештин делегациясы “БРИКC+” форматындагы пленардык отурумга катышканын эске салган Төрага мындай жолугушуулар Кыргызстан менен Россиянын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө түрткү берерин белгиледи.
Муну менен катар быйыл июлда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда кол коюлган Түбөлүк достук, биримдик жана өнөктөштүк жөнүндөгү декларацияга 25 жыл толорун айткан Нурланбек Тургунбек уулу калыптанган кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Тагыраагы, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,5 млрд АКШ долларына жеткенин маалымдап: “Бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан, жакынкы аралыкта соода байланыштарыбызды дагы тереңдетип, 5 млрд долларга жеткирүүбүз кажет. Бул үчүн эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун жана ишкерлеринин да байланышын арттыруубуз зарыл. Айрыкча биз россиялык инвесторлор менен тыгыз иш алып барууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деди.
Жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, анын ичинен билим берүү жаатындагы алакалар тууралуу да сөз кылган Төрага азыркы тапта 16 миң кыргызстандык студент Россиянын алдыңкы окуу жайларында билим алып жатканын мисал кылды. Ошону менен катар Кыргызстанда Россиянын көмөгү менен 9 заманбап мектепти куруу иши жүргүзүлүп, билим берүү тармагы боюнча түзүлгөн кызматташтык ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.
Миграциялык жагдайга да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын ЕАЭБдеги мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы сунуштарын айтты.
Өз кезегинде Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин расмий сапарынын максаты тууралуу сөз кылып, ушундай жолугушуулар парламенттик кызматташтыкты гана кеңейтпестен, жалпы эле мамлекеттер аралык байланышты чыңдоого көмөкчү болорун белгиледи.
Ошондой эле Россия Федерациясы Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин айтып: “Анын ичинен соода-экономикалык алакаларды арттырып, өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген өнөктөштүктү өрчүтүүбүз кажет”,- деди Вячеслав Володин. Ал эми миграциялык маселелерди Парламенттер аралык комиссиянын алкагында, тиешелүү мекемелердин катышуусунда карап, аталган багытта эки тараптуу иш алып баруу керектигин билдирди.
Муну менен катар кесиптешин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктаган Мамлекеттик Думанын Төрагасы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишти камсыздоодо кыргызстандыктардын салымы зор болгонун баса белгилеп: “Кан майдандагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, алаамат маалында жер которуп келгендерди, айрыкча кичинекей балдарды өз бооруна тартып, өз балдарындай асыраган кыргыз энелеринин кайратмандыгы баарыбыздын эсибизде”, – деди.