Төрага Нурланбек Тургунбек уулу олимпиадалык курамалар арасындагы (U-23) эл аралык футбол мелдешинин алгачкы беттешине күбө болду

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен бирге борбор калаабызда өтүп жаткан U-23 олимпиадалык курамалар арасындагы эл аралык футбол мелдешинин биринчи беттешине күбө болду.

Таймаш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, алгач Кыргызстан менен Сириянын футболчулары күч сынашты.

Эскерте кетсек, 23-июлга чейин улана турган мелдешке жалпы төрт өлкөнүн: Кыргызстан, Оман, Бахрейн жана Сириянын командалары катышууда.

Алсак бул турнир быйыл 1–9-сентябрда Бишкекте өтө турган Азия кубогуна (U-23) тандоо турунун алдындагы даярдык болуп саналат.

Связанный пост