Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Монголиянын президенти менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ухнаагийн Хурэлсухтун бул мамлекеттик сапары калыптанган кыргыз-монгол мамилелерин кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенерин билдирип: “Тарыхый байланышы терең, көчмөн маданияттын мураскери аталган эки элди көп нерсе жакындатып турат. Андыктан, жалпы баалуулуктарыбызга таянуу менен заманбап шартта кызматташтыкты калыптандыруу, анын ичинен саясий диалогду тереңдетүү учур талабы. Кыргызстан Монголия менен бардык тармактар боюнча биргелешип иш алып барууга кызыкдар”, – деди.

Ошондой эле парламенттер аралык дипломатия кыргыз-монгол кызматташтыгынын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу өткөн жылы Монголияга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салды.

Муну менен катар Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасынын Кыргызстандагы расмий сапары аталган багыттагы кызматташтыкка олуттуу салым кошконун белгилеп: “Эки тараптуу сапарлардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, мыйзам чыгаруучу органдардын ортосунда системалуу, туруктуу жана жемиштүү ишти камсыз кылуу максатында түзүлгөн Биргелешкен комиссиянын ишинин жобосу бекитилди. Бул саамалык эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады Нурланбек Тургунбек уулу.

Баарлашууда маданий-гуманитардык чөйрөдөгү алакаларга да токтолгон Төрага Бишкек шаарында монгол элинин чыгаан уулу Сухэ-Батордун ысымы ыйгарылган көчө бар экенин айтып, Монголиянын борбор калаасындагы көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын ыйгаруу менен эстелигин орнотуу сунушун берди.

Андан тышкары, экология жана климаттын өзгөрүшүн жөнгө салуу жаатында Монголиянын демилгелерин колдой тургандыгын айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Кыргыз Республикасы да четте калбай, экологиялык көйгөйлөрдү активдүү жайылтууда. Ушуга байланыштуу, биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана жаратылышты коргоо боюнча демилгелерди биргелешип ишке ашыруу экологиялык көйгөйлөрдүн натыйжалуу чечилишине өбөлгө түзөт. Андыктан аталган багытта да алгылыктуу иштерди алып баруубуз кажет”, – деди.

Өз кезегинде Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух улуу тарыхтын жана маданияттын ордосу саналган Кыргызстанга  мамлекеттик сапар менен келип, Жогорку Кеңештин Төрагасы менен да жолугушуп жатканына кубанганын белгилеп: “Биз Кыргыз мамлекети менен достук мамилелерди чыңдап, өз ара байланышты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдарбыз. Айрыкча саясий диалогду активдештирүү менен мыйзам чыгаруу жаатында да кызматташуу артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Андыктан, парламенттер аралык байланышты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да өнүктүрүүбүз керек”, – деди.

Ошону менен катар мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдер тууралуу сөз кылып, алардын ийгиликтүү ишке ашуусуна эки өлкөнүн парламенттери толук көмөк көрсөтөрүнө ишенерин билдирди.

“Биз бүгүн соода байланышын жакшыртуу, Монголияда кыргыз мектебин ачуу, жалпы эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү тармактарында биргелешип иш алып баруу боюнча макулдаштык. Алардын ийгиликтүү ишке ашуусу мамлекеттерибиз үчүн өтө маанилүү”, – деген Ухнаагийн Хурэлсух Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун Монголияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост