Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаздын жарчысы, жаратылыштагы жаңылануунун белгиси саналган Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз эли эзелтен Нооруз майрамын «Жер бетин жакшылык уялаган күн» деп эсептеп, күн менен түн теңелген убакты жаңы жылдын башталышы катары белгилеп келген. Мындан улам Нооруз элибизде жаңылануунун, мол түшүмдүн, токчулуктун жана берекенин символу катары майрамдалган. Бул күнү ар бир үйдө ак тилек менен арча түтөтүлгөн. Бүткүл айыл эли чогулуп улуттук оюндарды ойноп, казан-казан көжө, сүмөлөк кайнатылып таркатылган. Аны менен бирге ар бир үй-бүлө сый тамак жасап, жалпы айыл эли чогулуп даам сызышкан. Ошондуктан Нооруз табияттын ойгонушу менен кошо элдин да руханий жаңырышын, ынтымак менен биримдиктин бекемделишин билдирген элдик майрам.

Өлкөбүз быйылкы Ноорузду да жогорку жетишкендиктер, жакшы саамалыктар менен тосуп жатат. Эгемендигибиз бекемделип, социалдык-экономикалык ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алдыда күнөстүү мамлекетибизди гүлдөтүп-өнүктүрүүгө багытталган кадамыбыз арыштап, пландалган алгылыктуу далай иштер аткарылат деген терең ишеничтебиз. Ошентсе да “Жаздын бир күнү жылга тете” деп элибизде бекеринен айтылбайт. Ар бирибиз кыштын камын азыртан көрүп, көктөмдүн бир да күнүн текке кетирбей жабыла мээнет кылсак анын үзүрү болоору анык.

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Быйылкы ыйык Орозо айы улустун улуу күнүнө туш келип өзгөчө шаңга бөлөнүп турат. Андыктан бүгүн айтылган ар бир тилек кабыл болсун! Эмгекчил элибиз малын төлдөтүп, жерин көктөтүп, ар бир үйгө ырыс-кут орносун! Элибиздин ынтымагы артып, ой-максаттарды ишке ашыруу үчүн аракетибизден тайбайлы. Адал эмгек менен Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу.

Дагы бир жолу жаӊы жылдын келгенин жар салган Нооруз майрамыӊыздар кут болсун! Жараткан элибизге тынчтык, жергебизге береке берсин! Барыңыздарга бардар турмуш, бакубат жашоо каалайм!

Связанный пост