Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Кыргыз тоолорунда жаралган суу жалпы Борбор Азиядагы миллиондогон адамдарга өмүр тартуулайт
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкек шаарында башталган Азия парламенттер аралык суу маселелери боюнча консультативдик кеңешинин VIII жыйынына катышты.
Суу маселесин талкуулаган эл аралык иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолгон Төрага: “Жыйындын алкагында климаттагы өзгөрүүлөрдү жөнгө салууга багытталган олуттуу сунуш-пикирлер айтылып, анын ичинен суу ресурстарына байланышкан жагдайлар боюнча керектүү сунуштамалар даярдалат деген терең ишеничтемин. Анткени, биз биргеликте гана аталган тармактагы көйгөйлөрдү азайтып, жакшы жыйынтыктарга жетише алабыз”, – деди.
Ошону менен катар экологияны коргоо, жер жана жаратылыш ресурстарын сактоо Кыргызстандагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Бирок суу жер шарынын айрым жерлеринде барган сайын жетишсиз болуп, бир мамлекеттин эле эмес, жалпы дүйнөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн бирине айланып барат. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы дагы сууну керектөөнүн көбөйүшүнө, климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын байма-бай катталуусуна байланыштуу жаңы стратегиялык документтерди иштеп чыгып, эл аралык деңгээлдеги демилгелерди көтөрүп келет. Анткени, кыргыз тоолорунда жаралган суу жалпы Борбор Азиядагы миллиондогон адамдарга өмүр тартуулайт. Ошондон улам Кыргызстандагы суу жана климаттык коопсуздук өзүбүздүн эле эмес, жалпы чөлкөмдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү анык. Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүп, башкалардын да аталган маселелерге байланышкан ыкмаларын өздөштүрүү менен суу ресурсу боюнча аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярбыз”, – деди.
Муну менен катар Төрага эки жыл мурун өлкө башчысы тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясында аталган маселелерге астейдил көңүл бурулганын белгилеп, анда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле аймактын экосистемасын сактоого багытталган негизги эрежелер камтылганын эске салды.
Андан тышкары, өз баяндамасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши дагы суу маселесине өзгөчө көңүл бурарын билдирген Нурланбек Тургунбек уулу: “Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришине алып келүүдө. Ушуга байланыштуу тоо экосистемаларын сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу менен тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча мыйзамдык базаны чыңдап, өнөктөш өлкөлөрдүн парламенттери менен да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз. Бул өлкөбүздүн эле эмес, жалпы адамзаттын экологиялык таза келечегин камсыздоодо негизги ролду ойнойт. Айрыкча, суу ресурстарын сактоо жана коргоо жер шарындагы ар бир адамдын милдети”, – деди.
Сөзүнүн аягында Төрага иш-чаранын бардык катышуучуларына ийгиликтерди каалап, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу зарыл экенин кошумчалады.