Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциянын IX форумуна катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен бирге  “Маданий дипломатия – боордоштукту бекемдөө жолунда” аттуу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциянын IX форумуна катышты.

Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн форумда эки өлкөнүн парламенттеринин депутаттары, илимпоз-окумуштуулар, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, жаштар жана меймандар болду.

Өз баяндамасында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кыргыздын залкар акыны Акбар Рыскуловдун “Казак-кыргыз арасы” аталышындагы ырынан мисал кылып, эзелтен эриш аркак жашаган эки элдин жакындыгын куштун эки канатына салыштырды.

“Бүгүн кайрадан жолугушуп, талкуулай турган темабыздын өзөгү маданий дипломатия болууда. Бул түшүнүк азыркы ааламдашкан дүйнөдө эл аралык байланышты чыңдоонун башкы куралы экени талашсыз чындык. Андыктан, “Маданий дипломатия – боордоштукту бекемдөө жолунда” аттуу кыргыз-казак илимий-чыгармачыл интеллигенциянын тогузунчу форуму өз максатына жетип, эки эгиз элдин маданий алакасын жаңы деңгээлге чыгарат деген терең ишеничтемин” – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошондой эле достуктун жана ынтымактын негизи – бул руханий дүйнө, жалпы маданий мурастар жана адамдарды бири-бирине жакындаткан баалуулуктар экендигин айткан Төрага: “Эгиз элдин дүйнө таанымы, жашоо образы, салты жана жөрөлгөлөрү бири-бирине жакын болгондуктан ыйык тутканы, сыймыктанганы, жалпысынан руханий байлыктары да окшош болоору табигый көрүнүш. Ошондон улам окумуштуулар жана изилдөөчүлөр “Кыргыз-казак элдеринин маданий байлыктары өтө катар өтүшүп, терең тамыр жайган” деген бүтүмгө келишкен. Анткени айтылуу “Манас” эпосу, “Эр Төштүк”, “Жаныш Байыш” дастандары казак элине кандай жакын сезилсе, “Эр Таргын”, “Кыз Жибек”, “Кабыланды” кыргыздардын сүйүктүү чыгармалары болуп эсептелет. Аталган чыгармалардан сюжеттик мотивдердин, образдардын окшоштуктарын оңой эле көрүүгө болот”, – деди.

Муну менен катар эки элдин достугуна данакер болгон Токтогул менен Жамбыл, Чыңгыз менен Мухтар сыяктуу залкарлар арбын чыкканын мисал кылган Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргыз менен казакка гана таандык төкмөлүк өнөр тууралуу да сөз кылып, комуз менен домбрасын ойноткон акындардын айтыштары соңку жылдары байма-бай уюштурулуп жатканын белгиледи.

Эки өлкө ортосундагы саясий байланыштарга да учкай токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда көптөгөн келишимдерге жетишилип, мамлекеттер аралык кызматташуунун пайдубалы бекемделди. Айрыкча, Президентибиз Садыр Жапаровдун  Казакстанга, ал эми Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик жана расмий сапарлары байланыштардын жаңы барагын ачып, өнөктөштүктү өрчүтүүгө өбөлгө түздү. Муну менен катар боордош казак мамлекети менен парламенттер аралык мамилелер да жигердүү өнүгүп жатат. Акыркы жылдары эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулуп, жогорку деңгээлдеги көптөгөн жолугушуулар өтүүдө. Парламенттер аралык дипломатия эки өлкөнүн ортосундагы саясий өз ара диалогду жакшыртууга, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди алдыга жылдырууга, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдик базаны кеңейтүүгө көмөкчү болууда”, – деди.

Связанный пост