Төрага Нурланбек Тургунбек уулу КМШ ПААнын 58-пленардык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйынына катышты.

Жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.

Анын ичинен билим берүү, айыл чарба тармактарына тиешелүү кодекстердин, салык саясатын жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын моделдик долбоорлору кабыл алынды.

Связанный пост