Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кербенде жүргүлүп жаткан курулуштардан кабар алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмада жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды.

Алсак, Кербен шаар болуп негизделгенден бери саркынды сууларын тазалоочу жайы болгон эмес. Бул жергиликтүү элдин саламаттыгына коркунуч туудуруп, тургундар аталган маселени чечүү талабын коюп келишкен. Натыйжада Живпром участкасынын жайыт жеринен 1 гектардан ашуун жер бөлүнүп, өткөн жылы ноябрь айында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу пайдубалына капсула салган.

Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүп чыккан Төрага курулманы салууга бөлүнгөн каражатты туура пайдаланып, долбоорду тездетип бүткөрүү талабын койду.

Ошону менен бирге Нурланбек Шакиев түтүктөрдү жайгаштырууда келечекти эске алып, калктын санынын өсүшүнө ылайыктоо керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары Нурланбек Тургунбек уулу борбордук стадионго жана анын жанында салынып жаткан ден соолукту чыңдоо борборуна барып, жүргүзүлүп жаткан жумуштарды көрүп чыкты.

Шаар башчысын тыкыр көзөмөлдөп, ишти ыкчамдатууга чакырган Төрага: “Стадион менен ден соолукту чыңдоо борборунун кербендиктер үчүн мааниси чоң. Андыктан курулуштарды создуктурбай, өз убагында бүткөрүш керек”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Связанный пост