Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарындагы борбордук мечитте Орозо айт намазына катышты

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарындагы борбордук мечитте Орозо айт намазына катышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунун Кербен шаарындагы борбордук мечитке барып, жергиликтүү тургундар менен бирге Орозо айт намазын окуду.

Ошондой эле намазга келген жарандарды Орозо айт майрамы менен куттуктаган Төрага ыйык айда кармалган орозо кабыл болсун деген тилегин билдирди.

Муну менен катар элге тынчтык жана жергебизге бакубатчылык каалады.

Связанный пост