Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кербен шаарында салынып жаткан стадиондун курулушунан кабар алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарында жайгашкан Абдыкадыр Дүйшөбаев атындагы борбордук стадиондо жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Алсак, 5 гектарга чукул аянтты ээлеген аталган стадион 1995-жылы салынган. Андан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй, жараксыз абалга келген. Натыйжада республикалык бюджеттен 174 млн сом каражат бөлүнүп, оюн аянтчасы FIFAнын стандарттарына толук жооп берген 2300 орундуу заманбап стадионду салуу иштери башталган. Учурда курулуш иштери кызуу жүргүзүлүп, 1-декабрда бүткөрүлөрү күтүлүүдө.

Төрага жасалып жаткан иштер Кербен шаарын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, анын ичинен жаңы салынып жаткан стадион калк үчүн өтө зарыл экенин кошумчалады.

“Мамлекеттин башкы байлыгы – эл. Андыктан, элдин саламаттыгын чыңдап, калк арасында сергек жашоо образын жайылтууда ушундай спорттук жайлардын мааниси чоң. Буйруса бул стадион бүткөрүлсө, спорттук-маданий иш-чаралар өткөрүлгөн аянтча катары эле эмес, калаанын көркүнө көрк кошкон жайга айланары анык”, – деген Төрага Нурланбек Тургунбек уулу курулуш иштери жай жүрүп жатканын сынга алып, тездетүү тапшырмасын берди.

Связанный пост