Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Илим менен тажрыйбаны айкалыштырганда гана ийгиликке жетишүүгө болот

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине барды.

Алгач Төрага окуу жайдын базасында уюштурулган өлкөбүздөгү жападан жалгыз өсүмдүктөрдү микроклоналдык көбөйтүү (In Vitro) лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, андан соң Агрохимия лабораториясын жана коллекциялык күнөсканаларын көрүп чыкты.

Калктын саламаттыгын чыңдоодо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо лабораториялык изилдөөлөрдүн мааниси чоң экенин белгилеген Төрага: «Илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, өлкөбүздүн агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүүбүз кажет. Бул үчүн айыл чарба маселелерин мыкты түшүнгөн, аны өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын жакшы өздөштүргөн адистер өтө зарыл», – деди.

Муну менен катар окуу жайдын базасындагы эксперименттик, изилдөө аянтчалары дүйнөнүн алдыңкы билим берүү жайларында кеңири жайылганын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: «Андыктан, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде заманбап лабораториялардын иштеп жаткандыгы жакшы саамалык. Бул изилдөө аянтчалары студенттердин жана жаш окумуштуулардын тажрыйбасын арттырууга гана көмөкчү болбостон, жаратман инсандардын устаканасына айланып, илимий табылгалардын жаралышына сөзсүз жардамчы болот. Айрыкча, илим изилдөө ишине жаштардын катышуусу келечегибиз үчүн өтө маанилүү», – деп кошумчалады.

Ошондой эле, өлкөбүздө экология маселеси, айрыкча өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди өстүрүүгө байланышкан көйгөйлөр курчуп бара жатканына токтолгон Төрага: «Акыркы учурларда шаардагы бак-дарактар жабыркап, ар кандай илдеттерге кабылып жатканын көрүүдөбүз. Ошону менен бирге айдоо аянттарын, жайыттарды натыйжасыз колдонуудан улам жердин кыртышы бузулуп, жайлоолорубуз да такырга айланууда. Ага ылайык, окумуштуулар жаратылышты, экологияны коргоо менен тамак-аш коопсуздугун камсыздоо багытында илим изилдөө жумуштарын жигердүү жүргүзүп, аталган тармактарда ыкчам иш алып баруусу кажет», – деди.

Мындан тышкары лабораторияда тажрыйба кылып, изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан студенттер менен баарлашып: «Илим изилдөө жумуштары ийне менен кудук казгандай татаал иш. Андыктан өз ишин сүйүп, изденип эмгектенген адистер гана илимде ийгиликке жетише алат», – деген Төрага окуу жайдын техникалык базасын да көрүп чыгып, жетекчилигин өндүрүштүк тажрыйба үчүн заманбап айыл чарба техникаларды колдонууга чакырды.

Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу студенттердин жатаканасына да баш багып, аймактардан келип окуган жаштар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Связанный пост