Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Быйылкы Орозо элибиздин айкөлдүгү жана берешендиги менен эсте калды

 Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Быйылкы Орозо элибиздин айкөлдүгү жана берешендиги менен эсте калды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Андан мындай деп айтылат:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Ардактуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Он эки айдын султаны аталган кезектеги Орозо айы да жыйынтыкталып, бүгүн жалпы мусулман коомчулугу айт майрамын белгилейт.

Албетте, Орозодогу негизги милдет таңдан кечке тамактануудан гана баш тартуу эмес. Ыйык айда сабырдуулукка, чыдамкайлыкка үйрөнүп, жан дүйнөбүздү аруулантуу менен асыл сапаттарды адатка айланта алсак туткан орозобуздун максатына жеткен болобуз. Өзгөчө муктаждарга жардам колун узатып, соопчулук иштерин көбүрөөк кылуу Орозодогу негизги милдеттердин бири болуп эсептелет. Алсак, быйылкы Орозобузда кыргыз эли берешендигин, айкөлдүгүн дагы бир жолу далилдеп, кыйналган бир туугандарыбызга, илдетке чалдыккан наристелерибизге жардам колун сунуп, чыныгы мусулмандыктын бийик үлгүсүн көрсөтүштү. Бирок жакшы адам болууга жасаган аракетибизди мындан ары да улантып, өзүбүздү эле эмес, өлкөбүздү кошо өнүктүргөн жаратман жаран катары калыптанышыбыз керек.

Кадырлуу мекендештер!

Бул Орозо айы журтубуздун бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин бекемдеген жакшы саамалыктар менен эсте калды. Андыктан, мындан ары да калкыбыздын кадырын арттырып, элибиздин аброюн көтөргөн, динибизге көлөкө түшүрбөй, улутубуздун баалуулуктарын даңазалаган жакшы иштерге басым жасайлы. Этностор аралык достукту, мамлекеттер аралык биримдикти өнүктүрөлү. Бабалардан калган салттуу жөрөлгөлөрүбүздү унут калтырбай, жаркыраган жазга туш келген Орозодо жаратылыш менен кошо жаңыланып, алдыга кадам шилтейли.

Дүйнөдө тынчтык орноп, Кыргызстаныбызда ийгиликтер арбый берсин!

Дагы бир жолу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм.

Айтыңыздар маарек, кармаган Орозоңуздар кабыл болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы                         Нурланбек Тургунбек уулу»

Связанный пост