Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Борбордук Азия мамлекеттери өнүгүүнүн жаңы доорун башынан кечирүүдө
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун жетекчилиги астында “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер” аттуу Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму башталды.
Алгач коңшу өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен Бишкек шаарында жолугушуп жатканына кубанычта экенин айткан Төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул парламенттер аралык форум кыска убакыт аралыгында эле маанилүү демилгелер талкууланган башкы баарлашуу аянтчасына айланганын баса белгиледи.
“Соңку жылдары чөлкөмдөгү беш мамлекет ортосунда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык жигердүү өнүгүп, анын ичинен парламенттер аралык диалог активдүү жүргүзүлүп келет. Айрыкча кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларынын такталышы эки өлкөнүн гана байланышын бекемдебестен, Борбор Азиядагы алакаларды жаңы деңгээлге чыгаруусуна түрткү берди. Биз мындан ары калыптанган байланыштарды дагы өнүктүрүп, климаттын өзгөрүшүн жөнгө салуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, транспорт жана соода байланыштарын кеңейтүү сыяктуу маселелер боюнча биргелешип иш алып баруубуз зарыл. Анткени, аталган багыттарда күчтөрүбүздү бириктирип, чогуу аракет кылганда гана жакшы натыйжаларга жетишерибиз анык”, – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Ошондой эле кыргыз тарап өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен агроөнөр жай комплекстерин ачууга, чек ара инфраструктурасын модернизациялоого жана биргелешкен туристтик маршруттарды негиздөөгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Бул тармактар жаңы жумуш орундарын түзүү жана туруктуу өнүгүү боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деген Нурланбек Тургунбек уулу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу жана Камбар-Ата ГЭС-1ди салуу өңдүү аймак үчүн маанилүү болгон инфраструктуралык долбоорлор тууралуу сөз кылды.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Европа, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия багытында жүк ташуу географиясын кеңейтет. Бул чыныгы логистикалык коридор болуу менен бирге, соода, инвестиция жана өнөр жай кызматташтыгына чоң салымын кошот. Андыктан биз парламенттик дипломатияны пайдалануу аркылуу аталган тармактардагы алакаларды арттырууга көмөк көрсөтүүбүз кажет”, – деди Төрага.
Муну менен катар Бишкекте өтүп жаткан III Парламенттер аралык форумдун башкы максаты Борбордук Азияны саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы маанилүү борборго айлантуу экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу иш-чаранын алкагында үч негизги сессия өтөрүн маалымдады.
Тагыраагы, сессияларда миграция жана эмгек агымына тиешелүү жарандардын укуктарын, ошондой эле экономикалык туруктуулукту мыйзамдык жактан колдоо, Борбордук Азия өлкөлөрүндө инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономикалык ачыктыкты жогорулатуу боюнча мыйзамдык чараларды күчтөндүрүү, киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу өңдүү маселелер талкууланарын кошумчалады.
“Бүгүнкү күндө Борбордук Азия өзүнүн тарыхындагы жаңы доорду баштан кечирип жатканына баарыбыз күбө болуп турабыз. Бул доор чоң мүмкүнчүлүктөрдүн, туруктуу өнүгүүнүн жана ынак коңшулаштыктын чыңдалышынын мезгили болуп калуусу үчүн баарыбыз аракет кылуубуз зарыл”, – деди Төрага Нурланбек Тургунбек уулу.