Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Башкы прокурор Максат Асаналиевди кабыл алды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Башкы прокурор Максат Асаналиевди кабыл алды.

Жолугушууда башкы көзөмөл органынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу сөз болуп, анын ичинен артыкчылыктуу багыттар талкууланды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттин өнүгүшү жана өлкөдөгү туруктуулук прокуратура тармагынын ишине түздөн-түз көз каранды экенин белгилеп: “Ага ылайык, Башкы прокуратурага укук үстөмдүгүн орнотуу менен мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүү ишин жигердүү жүргүзүү талабы коюлуп, айрыкча коррупцияны түп тамырынан жоюу милдети жүктөлгөн. Эгер ал талаптар толук ишке ашырылса, кылмыштуу көрүнүштөр азайып, калкыбыздын мамлекеттик органдарга болгон ишеними бекемделет”, – деди.

Ошондой эле жакынкы аралыкта Башкы прокурордун жылдык отчету парламентте караларын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу анда тармактагы акыркы реформалар жана жемкорлукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу депутаттарга толук маалымат берүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Максат Асаналиев Башкы прокуратуранын учурдагы ишмердүүлүгүнө кеңири токтолуп, жалпы эле өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына байланыштуу жасалып жаткан иштер тууралуу сөз кылды.

Тагыраагы, атайын 5 жылдык стратегия кабыл алынганын, анда көптөгөн иш пландар камтылганын айткан Башкы прокурор мамлекеттик органдардагы жемкорлуктун алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча да маалымат берди.

Связанный пост