Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Баш мыйзамга баш ийүү баарыбыздын милдетибиз

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Баш мыйзамга баш ийүү баарыбыздын милдетибиз»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргызстандыктарды 5-май – Конституция күнү менен куттуктады. Анда мындай деп айтылат:
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Конституция – бул элибиздин эркиндигинин, эгемендигинин, көз карандысыз мамлекет экендигинин далили эле эмес, калкыбыздын негизги таянычы жана башкы жол картасы. Айрыкча мындан туура 32 жыл мурун кабыл алынган Баш мыйзамыбыз укуктук өлкөнү курууга болгон алгачкы кадамыбыз эле. Албетте, чейрек кылымдан ашуун убакыт ичинде Конституциябыз улам алмашып, айрымдардын саясий кызыкчылыгына ылайык өзгөртүлүп келгени да жашыруун эмес. Жоопкерчилиги жок, башаламан башкаруунун натыйжасында бийлик талаш күч алып, мамлекетибиздин келечегине кайдыгер мамиле жасалганы да анык.
Бирок кайратман элибиз башкаруу системасынын эң ишенимдүү жана бекем жолун тандап, азыркы Конституциябызды кабыл алды. Учурдагы Баш мыйзам биздин тарыхый тажрыйбабызды, улуттук баалуулуктарыбызды, ошондой эле коомдун талабы жана өнүгүү багытын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул тандоо туура болгонун убакыт бат эле тастыктады. Анткени бийлик бутактарынын милдети менен жоопкерчилигин так көрсөтүп, улуттук баалуулуктарга негизделген Конституциябыз мамлекетибиздеги жигердүү өнүгүүнүн ачкычы болуп берди.
Ардактуу мекендештер!
Баш мыйзам мамлекетибиздин укуктук, саясий жана коомдук турмушунда өзгөчө мааниге ээ. Ар бир жарандын укугун жана эркиндигин камсыздоонун, демократиялык коомду калыптандыруунун жана мамлекетибизди алдыга жылдырган негизги реформалардын пайдубалы да Конституция болуп эсептелет. Андыктан Конституциянын ченемдерин бекем сактап, мыйзамдуулукту жана жарандык жоопкерчиликти бекем сактоо менен улуттук кызыкчылыкка ылайык өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшү үчүн талыкпай эмгек кылуубуз кажет. Ошондо гана гүлдөгөн Кыргызстаныбызды кура алабыз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди дагы бир жолу Конституция күнү менен чын дилимден куттуктап, мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Өлкөбүз өнүгүп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин!