Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Ала-Букада ишке ашырылып жаткан долбоорлордун бардыгы менин жеке көзөмөлүмдө
Жогорку Кеңештин Төрагасынын Ала-Бука районундагы иш сапары Өрүктү айылында уланып, Нурланбек Тургунбек уулу А.Пирматов атындагы жаңы бала бакчанын ачылышына катышты.
Алсак, 90 орундуу бала бакчанын курулушуна жалпы 37 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
Төрага бала бакчадагы түзүлгөн шарт-жагдайды көрүп чыгып, андан соң жергиликтүү эл менен да жолугушту.
Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Ала-Бука районунда ишке ашырылып жаткан социалдык-инфраструктуралык долбоорлор тууралуу сөз кылган Нурланбек Тургунбек уулу: “Ала-Букадагы көйгөйлөрдүн бардыгынан кабарым бар. Жасалып жаткан иштердин ар бири менин көзөмөлүмдө. Учурда Орток-Бел массивин суу менен камсыздоого багытталган каналдын долбоору иштелип чыгып, кийинки жылы курулуш иштери башталганы турат. Канал салынып бүтсө беш миң гектардай жер сугат суу менен камсыздалып, айдоо аянттарынын көлөмү көбөйөт. Ошондой эле 1-Май, Көк-Серек айыл аймактарына коңшу өлкөгө көз каранды болбой суу жеткирүү маселеси чечилет”, – деди.
Ошондой эле аймак үчүн актуалдуу болгон “Сумсар” суу сактагычынын да курулушу кийинки жылы башталарын белгилеген Төрага мындай долбоорлор дагы улантыларын кошумчалады.
Муну менен катар бала бакча жана мектеп адамдын калыптануусунда өзгөчө орунду ээлерин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Бала бакчада жана мектептерде берилген таалим-тарбия адамдын келечеги үчүн табылгыс пайдубал болуп берет. Андыктан, мамлекет тарабынан ушундай билим берүү жайларын курууга артыкчылык берилип, бардык шарты менен заманбап имараттар салынууда. Буйруса ушул жайдан Ала-Буканы эле эмес, жалпы Кыргызстанды сыймыктандырган уул-кыздар тарбияланып чыгарына терең ишенем”, – деди.