Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районунда салынган жаңы мектептин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районундагы иш сапарын Айры-Там айыл аймагына караштуу Жаңы-Шаар айылында улантып, жергиликтүү мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. 125 окуучуга ылайыкташкан билим берүү жайынын курулушуна жалпы 37 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мындай саамалыктар жалпы өлкө аймагында уланып жатканын белгилеп, акыркы учурда ишке ашырылып жаткан социалдык-инфраструктуралык долбоорлор тууралуу да сөз кылды.

Анын ичинен Ала-Бука аймагында бир катар бала бакчалар, мектептер салынып, жыл аягына чейин Шекафтар – Айры-Там унаа жолунун курулушу бүткөрүлөрүн кошумчалады.

“Кыргызстандын бардык аймактарындагы көйгөйлөр окшош. Анын ичинен жол, мектеп, бала бакча, оорукана жана суу маселелерине астейдил көңүл буруп, чечип келе жатабыз. Мен бала кезде 4 чакырымга жакын жол басып барып, билим алгам. Азыр болсо ар бир айылга өзүнчө мектеп, бала бакча салып бергиле деген талаптар коюлууда. Буйруса билимдүү жана ден соолугу чың коомду курууга багытталган аракеттерди улантып, коюлган талаптардын бардыгын ишке ашырабыз. Буга өлкөбүздүн кудурети жетет. Биз келечек ээлерине татыктуу кам көрүү аркылуу гана мамлекетибиздин эртеңкисине кепилдик берген болобуз”,– деди Төрага.

Мындан тышкары, Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мектепке жардам катары 200 миң сомдун сертификатын тапшырып, элибизге, жергебизге кызмат кылган уул-кыздар чыксын деген тилегин билдирди.

Связанный пост