Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды.
Жолугушууда адам укугун, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо Акыйкатчы институтунун ролу жогору экенин белгилеген Төрага жүргүзүлүп жаткан иштер, аткарылган жумуштар тууралуу маалымат алды.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өткөн жылы жарандардан Акыйкатчы институтуна 11 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөнүн билдирип, алардын көпчүлүгү укук коргоо, сот тармагына жана социалдык маселелерге байланышканын мисал кылды.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жылдык баяндама буга чейин донорлордун жардамы менен даярдалып келгенин айткан Жамиля Жаманбаева ал эми 2024-жылдагы отчеттук баяндаманы биринчи жолу Акыйкатчы институту өзү даярдап чыкканын кошумчалады.
Ошону менен катар Акыйкатчынын өткөн жылдагы баяндамасынын негизинде Жогорку Кеңештин берген сунуштары 68% аткарылганын айткан Жамиля Жаманбаева буга чейин аталган көрсөткүч 20%дан ашпай келгенин белгиледи. Ал эми институттун мамлекеттик органдарга берген сунуштамалары 91% аткарылган.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, тыкыр иликтениши зарыл деген талап коюп, балдардын жана чет жердеги мекендештердин укугун коргоо ишине өзгөчө көңүл буруу керектигин да кошумчалады.
“Акыйкатчы институту ачык-айкын иштеп, коомчулукка адам укугуна жана мыйзам талаптарына байланышкан маалыматтарды ыкчам берип турушу кажет. Бул Акыйкатчыга карата элдин ишенимин арттырып, көйгөйлөрүнүн чечилишине көмөкчү болот”, – деди Төрага.