Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районундагы жаңыланган оорукананын ачылыш аземине катышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Аксы районундагы иш сапары Нарын айылында уланып, Р.Батырбеков атындагы оорукананын Терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземине катышты.
Аксыдагы иш сапары учурунда оорукананы жаңылоо маселеси жергиликтүү эл тарабынан көтөрүлүп, имараттын абалы менен таанышып кеткенин эске салган Төрага: “Калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо үчүн оорукананы оңдоо ишин жеке көзөмөлүмө алып, натыйжада республикалык бюджеттен 37 млн сом бөлүнгөн. Жүргүзүлгөн иш ийгиликтүү жыйынтыкталып, бүгүн заманбап медициналык мекеме ишке киргизилүүдө”, – деди. Ошону менен бирге оңдоп-түзөө иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүнө депутат Замирбек Мамасадыков да өзгөчө салым кошконун белгиледи.
Андан тышкары, жалпы эле аймакта жасалып жаткан иштерге токтолгон Төрага курулуп жаткан мектептер, салынып жаткан жолдор боюнча да кеп кылды.
“Кербен шаарында эле көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алсак, азыркы тапта шаардыктардын башкы көйгөйү болгон саркынды сууларды чыгаруучу тутум жаңыланууда. Буга кошумча быйыл калаадагы негизги төрт көчө реконструкцияланат”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Муну менен катар республика боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча да учкай сөз кылган Төрага айлык маяналарды, пенсия жана жөлөк пулдарды көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
“Мен дайыма мугалимдердин жана дарыгерлердин эмгек акысы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек деп айтып келем. Агартуучулар менен ак халатчандардын айлыгын жогорулатуу менен билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын ишин жакшырта алабыз. Бирок татыктуу эмгек акыны камсыздоо менен катар тармакта иштеген адистерге да талапты жогорулатышыбыз керек. Бул багытта комплекстүү иштерди жүргүзмөйүн билимдүү жана дени сак коомду түзүү жаатындагы максаттарыбызга жетишибиз кыйын”,– деди Төрага.
Ошондой эле ооруканаларды жаңыртуу иши дагы улантыларын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу жаңы ачылган бейтапканага жардам катары 300 миң сомдун сертификатын тапшырды.
Эскерте кетсек, Төраганы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.