Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районуна иш сапары менен барды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусунун Аксы районуна иш сапары менен барды.
Алгач Төрага Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылына курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды.
Төрт миңге жакын калк жашаган аймакта бала бакча жоктугунан жергиликтүү эл балдарын Шамалды-Сай шаарына алып барууга аргасыз. Натыйжада 100 орундуу бала бакчанын долбоору иштелип чыгып, бүгүн пайдубалы түптөлдү. Курулушка жалпы 55 млн сомдой каражат каралган.
Аземдин алкагында айыл тургундары менен да жолугушкан Нурланбек Тургунбек уулу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп: «Акыркы төрт жыл аралыгында туура жүргүзүлгөн каржылык саясаттын, анын ичинен көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана салык тармагын жөнгө салуунун натыйжасында өлкө казынасы эселеп өсүп, социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Тагыраагы, республиканын бардык аймактарында ири долбоорлор ишке ашырылып, мектеп, бала бакча, ооруканалардын курулуштары жигердүү жүргүзүлүүдө. Бүгүн түптөлүп жаткан бала бакча мунун анык мисалы. Биз бакубат өлкөнү куралы десек, билимдүү жаштарды тарбиялашыбыз керек. Агартуу тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты», – деди.
Ошондой эле Аксы районунда жасалып жаткан иштер тууралуу да сөз кылган Төрага аймакта жалпы 1 млрд сомдук жумуштар жүргүзүлүп жатканын, былтыр Кербен шаарына 200 млн сом бөлүнсө, быйыл 300 млн сом каралганын маалымдады. Бөлүнгөн каражаттар менен азыркы тапта ондогон социалдык-инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу анын ичинен Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолу кийинки жылы толугу менен бүткөрүлөрүн кошумчалады.
«Бирок көйгөйлөр да жок эмес. Айрыкча ушул Кум айылында таза суу маселеси курч экенинен кабарым бар. Калктын саламаттыгына кам көрүү өлкөбүздөгү негизги маселелердин бири. Ага ылайык, элдин ден соолугуна түздөн-түз таасир берген суу көйгөйү жакынкы аралыкта чечилет»,– деди Төрага.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, бир катар социалдык-инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү. Анын ичинен Наманган каналындагы көпүрөнү жаңыртуу зарылчылыгы айтылды.
Эскерте кетсек, Төраганы билим берүү жана илим министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев, финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.