Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Кырман айылындагы жаңы мектептин пайдубалына капсула салды
Бүгүн, 17-мартта Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун Өзгөн районундагы иш сапары Кызыл-Кырман айылында уланды.
Алгач Төрага аталган айылда жайгашкан №43 И.Базаркулов атындагы орто мектептин пайдубалына капсула салды. Келечекте Кеңеш жана Кызыл-Кырман айылдарынын окуучулары билим ала турган жаңы мектептин долбоору 275 орунга ылайыкташкан. Бул үчүн мамлекет тарабынан 233 млн сомдон ашуун каражат каралып, бир жарым жыл ичинде ишке берүү мерчемделүүдө.
Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага мамлекет тарабынан өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү жайларын жаңыртуу ишине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп: «1970-жылдары ишке берилген бул окуу имараты да эскилиги жетип, азыркы шартка жооп бербейт. Андыктан, бүгүн түптөлүп жаткан жаңы имарат балдардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган заманбап шарттар менен курулушу керек. Бул үчүн керектүү каражаттар толук каралган. Курулушка милдеттеме алган компания ишти убагында, сапаттуу бүткөрүшү зарыл», – деди.
Ошондой эле мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу экономиканын өсүшү калкка керектүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөкчү болуп жатканын кошумчалады.
«Коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлүп, салык саясаты толугу менен жаңыланууда. Айрыкча өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасалып, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да жакшы шарттар түзүлүп жатат. Натыйжада мамлекетибиздин казынасы өсүп, калк турмушун жакшыртуу аракети жигердүү уланууда», – деди Төрага.
Эскерте кетсек, Төраганы депутаттар Улугбек Ормонов, Эльмурза Сатыбалдиев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев, финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.