Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.
Бишкекте уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун алкагында өткөн жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу да сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу эриш-аркак жашаган эки элдин байланышы терең экенин белгилеп: “Андыктан, калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Айрыкча стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү эки мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн да маанилүү. Акыркы жылдары бул маселеге өлкө башчыларыбыз да өзгөчө көңүл буруп, байланыштарды бекемдөөгө басым жасап келишет”, – деди
Ошону менен катар чек ара маселелеринин толук чечилиши, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн жарандарынын карым-катышын жакшыртууга чоң түрткү бергенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу буга мисал катары быйыл Кыргызстанга келген туристтердин ичинен өзбекстандыктар арбын болгонун эске салды.
“Бул маалымат эки өлкөнүн байланышынын өнүгүп жаткандыгынын башкы көрсөткүчү. Биз мындан ары да алакаларды арттыруу багытындагы аракеттерди улантып, парламенттер аралык кызматташтыкты да тереңдетишибиз керек. Айрыкча тармактык комитеттердин деңгээлиндеги диалогду кеңейтип, эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып баруубуз зарыл”, – деген Төрага кыргыз парламенти Өзбекстандын парламентинин кош палатасы менен тең өнөктөштүктү өрчүтүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Төрайымы Танзила Нарбаева Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форуму жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, аталган иш-чара эки тараптуу кызматташтыкты да кеңейтүүгө чоң түрткү берерин билдирди.
Муну менен катар Өзбекстан мамлекети Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө тыкыр көз салып жатканын айткан Сенат Төрайымы Президент Садыр Жапаров баштаган команданын жасап жаткан иштерине жогору баасын берди.
“Саясий-экономикалык багытта жүргүзүп жаткан реформаларыңыздар жакшы жыйынтыктарды берип жатканын көрүүдөбүз. Эзелтен коңшу жашаган боордош эл катары биз кыргыз элинин өнүгүүсүн колдойбуз”, – деген Танзила Нарбаева бүгүн аба майданынан Бишкек шаарына келе жатып чоң өзгөрүүлөргө күбө болгонун да кошумчалады.