Төрага Нурланбек Шакиевдин иш сапары Чүй жана Кемин райондорунда уланды

Бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Чүй облусундагы иш сапары Чүй районундагы Прогресс айылында уланды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Төрага алгач жергиликтүү мектепке барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алсак, Прогресс орто мектебинин имаратынын негизги бөлүгү 1960-жылы курулуп, уланган бөлүгү 1963-жылы бүткөрүлгөн. 120 балага ылайыкташканы менен азыркы тапта 415 окуучу билим алат. Натыйжада окутуу процесси үч нөөмөттө жүргүзүлүп, ансыз да авариялык абалда турган имаратын толугу менен жаңыртуу учур талабы.

Түзүлгөн шарттын начардыгына карабай окуучуларга билим берип келе жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирген Төрага: “Өнүккөн өлкөнү куруу үчүн билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруубуз кажет. Андыктан акыркы жылдары билим берүү жаатында ири реформалар ишке ашырылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүүдө. Бирок бул чек эмес. Ар бир айылда заманбап мектептеп курулуп, анда иштеген агартуучулар татыктуу айлык акы алганда гана тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деди.

Муну менен билим берүүнүн сапатын көтөрүү да башкы маселе экенин айткан Нурланбек Шакиев мугалимдерди жигердүү иш алып барууга чакырды.

Андан соң Төрага Кемин районундагы Бообек айылында жайгашкан Ак-Тилек орто мектебине барды. Аталган мектептин имараты 1956-жылы ишке берилип, учурда 157 окуучу билим алат. Мугалимдердин айтымында мектепте окуу китептеринин жетишсиздиги, спорттук жана жыйындар өтчү залдардын жоктугу, эмеректердин эскилиги негизги көйгөй. Өз кезегинде Нурланбек Шакиев мектепке заманбап компьютерлерди тапшырып, көтөрүлгөн маселелерди чечүү тапшырмасын билим берүү жана илим министрине табыштады.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон жоокер Амангелди Балыкчиевдин жасаган эрдиктери тууралуу мектеп дубалында жазылган тактаны көрүп: “Амангелдидей уулдарыбыз эгемен Кыргызстандын тарыхындагы, азыркы замандын Чолпонбай, Дүйшөнкулдары болуп эсептелет. Анткени, жоокерлерибиз мекенибиздин бүтүндүгү үчүн кан-жанын аябай, душмандарга каршы күрөштү. Алардын элесин эскерип, келечек ээлерине үлгү катары көрсөтүп туруу башкы милдетибиз”, – деди Төрага Нурланбек Шакиев.

Связанный пост