Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач Николас Боулерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

“Сиздин өмүр баяныңыз тууралуу маалымат алып жатып, биздин чөлкөмдө жетиштүү тажрыйбага ээ элчи экениңизди билдим. Андыктан, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздүн алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетип, байланыштарыбызды арттырасыз деген ишеничтемин. Айрыкча, билим берүү тармагы боюнча жигердүү иш алып барып, кыргызстандыктардын Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алуусуна керектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөсүз деген үмүттөмүн”, – деди Төрага.

Андан тышкары, Кыргызстан Улуу Британия менен бардык багыттагы алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирген Төрага элчиге ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолгон Нурланбек Шакиев бул жаатта да тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда соода, туризм, айыл чарба, энергетика, жарандарды ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленип, Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тарап туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Улуу Британиянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер айтылган бардык маселелер маанилүү экендигин айтып, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө да өзгөчө басым жасарын билдирди.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин ичинен кыргыз парламенти демократиялык жетишкендиктери, ачык-айкындуулугу менен айырмаланып келет”, – деди элчи.

Баарлашуу учурунда сөз эркиндиги жана улуттук коопсуздук маселелери да талкууланып, тараптар демократиялык өнүгүүдө улуттук баалуулуктар сөзсүз эске алынышы керектигин белгилешти.

Связанный пост