Төрага Нурланбек Шакиев теле жана радио кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

 Төрага Нурланбек Шакиев теле жана радио кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Төрага Нурланбек Шакиев теле жана радио кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу теле жана радио кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 8-декабрь – теле жана радио кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз телерадиоберүү тармагынын пайдубалы 1958-жылдын дал ушул күнү негизделген. Тагыраагы, биринчи улуттук телестудия ишке киргизилип, алгачкы кыргыз тилиндеги берүүлөр обого чыккан. Андан берки 66 жыл аралыгында бул тармакта көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, теле жана радиолор маалымат таратуунун маанилүү куралына айланды. Телеканалардын жана радиолордун катары көбөйүп, жаңы технологиялардын өнүгүшү менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Бирок, тездик менен өзгөрүп жаткан азыркы ааламдашкан доордо мезгил талабынан калбай, алдыга умтулуу телерадио тармагына коюлган талапты да жогорулатууда. Себеби, маалымат алуунун жаңы ыкмалары, жаңы каналдары пайда болуп, атаандаштык курчуп келет. Бирок, кандай гана жаңылануулар, кандай гана өзгөрүүлөр болбосун теле жана радиолор маалыматтын ишенимдүү булагы катары сакталып, андагы иштеген адистер иш билги журналист катары айырмаланып турушу зарыл.

Кадырлуу теле жана радио кызматкерлери!

Сиздер калктын калың катмарына керектүү маалыматты ыкчам жеткирип, акыйкаттуулук менен бейтараптуулуктун жактоочусу катары жигердүү эмгектенип келесиздер. Ар бир эфирге чыккан берүүнүн аркасында талыкпаган эмгек, талбаган аракет жана мээнет турарын жеке мен жакшы билем. Андыктан, кылган кызматыңыздардын үзүрүн көрүп, элге калыс маалыматты жеткирүү менен катар калкты агартуу жаатындагы алгылыктуу иштериңиздерди уланта бериңиздер. Коомдук пикирди жаратып, журтту алдыга сүрөп, өлкөнү өнүктүрүүдө да сиздердин ролуңуздар жогору.

Бар болуңуздар! Ар бириңиздерге чыгармачылык жетишкендиктерди каалайм!

Кыргыз журналистикасы өрнөктүү тарыхый жолун татыктуу улантып, теле жана радио тармагы өнүгө берсин!

Связанный пост