Төрага Нурланбек Шакиев Ташкент шаарындагы «Эгемендүүлүк» монументине гүлчамбар койду

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстан Республикасындагы расмий иш сапары Ташкент шаарындагы “Эгемендүүлүк” монументине гүлчамбар коюу менен башталды.

 

Алсак, тынчтыкты, бакубатчылыкты жана эркиндикти даңазалаган “Эгемендүүлүк” монументи “Жаңы Өзбекстан” паркында жайгашкан.

 

Эскерте кетсек, бүгүн Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстан Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Связанный пост