Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын XIII пленардык отурумуна катышты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XIII пленардык отурумуна катышты.

 

“Түрк дүйнөсү үчүн жашыл горизонттор: жашыл күн тартибине жетишүүдө парламенттердин ролу” аталышында өткөрүлгөн отурумда Төрага Нурланбек Шакиев кеңири баяндама жасады.

 

Тагыраагы, талкууланып жаткан тема абдан актуалдуу экенин белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Жашыл күн тартибине жетишүү маселесин жыйыныбыздын негизги темасы катары тандап алганыбыз бекеринен эмес. Анткени, экологиядагы жагдайлар бүгүнкү күндүн эң олуттуу жана көйгөйлүү маселесине айланды”, – деди.

 

Ошондой эле климаттагы өзгөрүүлөр боордош мамлекеттерге да залакасын тийгизип жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Адам менен табияттын ортосундагы бир бүтүндүк кайра калыбына келмейин экологиялык коркунучтар азайбайт. Андыктан, аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, илимий технологиянын артыкчылыктарын экологиялык балансты калыбына келтирүүгө багыттообуз зарыл. Айрыкча, биз бири-бирибизге жардам берип, экология маселесине тиешелүү мыйзамдык базаны чыңдоо жаатында тыгыз иш алып баруубуз кажет. Ошондо гана аймактык жана глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча олутуу ийгиликтерге жетише алабыз. Себеби, жаратылышты коргоо жана экологиялык туруктуулукту сактоо боордош элдердин саламаттыгын жана бакубат жашоосун камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ”, – деп кошумчалады.

 

Муну менен катар 90%ын тоолор ээлеген Кыргызстан тоо маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп келе жатканын белгилеген Төрага: “Айрыкча “Тоолуу аймактарды 2023-2027-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты” ишке ашыруу максатында көптөгөн иштер жасалууда. Анын жыйынтыгында 2027-жылы Кыргызстанда “Бишкек+25” II Глобалдык Тоо саммитин да өткөрүү мерчемделген. Боордош өлкөлөрдү аталган демилгебизди колдоп, иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз”, – деди.

 

Сөзүнүн аягында Түрк дүйнөсүнүн экономикалык жана географиялык артыкчылыктарын пайдалануу менен экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелерине токтолгон Нурланбек Шакиев: “Айрыкча соода мамилелерин чыңдоо, транспорттук каттамдарды өнүктүрүү, транзиттик инфраструктураны жакшыртуу жаатында тыгыз иш алып баруубуз керек”, – деди.

 

Андан тышкары, Кыргызстан ТүркПАнын алкагындагы алкаларга өзгөчө маани берерин белгилеп, аталган аянтча бир тууган калктардын байланышын өнүктүрүү үчүн өзгөчө орунду ээлерин кошумчалады.

Связанный пост