Төрага Нурланбек Шакиев “Шаарларда гана эмес, айылдарда да жолдордун жаңыланып жатышы жакшы саамалык”

Бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Тор-Камыш айылындагы унаа жолду асфальттоо жумуштары менен таанышты. Алсак, Нурланбек Шакиевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Бир жарым чакырымдан ашык узундуктагы аталган жол буга чейин талапка жооп бербей, туурасы 3-3,5 метрди гана түзүп, унаалардын жүрүшүнө ыңгайсыздык жаратып келген. Натыйжада Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Өндүрүштүк-инновациялык борбор тарабынан атайын долбоор иштелип чыгып, жолду кеңейтүү жана асфальттоо жумуштары башталган. Ага мамлекет тарабынан 12,5 млн сом каралган.

Төрага Нурланбек Шакиев шаарларда гана эмес, айылдарда да жолдорду жаңылоо ишинин жүргүзүлүп жатышы жакшы саамалык экенин белгилеп, бирок сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Андан соң Төрага Кара-Суу айыл аймагына караштуу Чат айылындагы жаңы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылышына катышты. ФАПтын курулушуна керектүү каражат Кувейт мамлекетинин Ас-Сафа  кайрымдуулук  фонду тарабынан бөлүнгөн.

Ачылыш аземинин алкагында дарыгерлер жана жергиликтүү тургундар менен баарлашкан Нурланбек Шакиев мамлекеттин келечеги калктын саламаттыгына көз каранды экенин айтып: “Кайрымдуулук фонд тарабынан курулган ФАП жергиликтүү элдин ден соолугун чыңдоого кызмат кылсын”, – деген тилегин билдирди. Муну менен катар жакынкы аралыкта ушундай эле фельдшердик-акушердик пункттар коңшу айылдарда да салынып, колдонууга берилерин кошумчалады.

Связанный пост