Төрага Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

 Төрага Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды 2025-жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

 

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, төраганын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

 

“Урматтуу мекендештер!

 

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келе жаткан 2025 – жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

 

2024-жыл өлкөбүз үчүн жаңылануунун жана кайра жаралуунун жылы болду. Эгемендигибиздин негизги пайдубалдарынын бири саналган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип, өтүп бара жаткан жылыбыз аталган маарекеге байланышкан ири иш-чаралар менен коштолду. Андан сырткары быйыл калк турмушун жакшыртуу аракети күчөтүлүп, көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылды. Мектеп, бала бакча, оорукана имараттарынын курулушунан тышкары, бардык аймактарда өндүрүштүк жайлар ачылып, ширеңке чыгарбаган өлкөдөн унаа чыгарган кубаттуу мамлекетке айландык. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, аймактык аэропортторубуз да жаңыланды. Жолдорубуз оңдолуп, көптөгөн инфраструктуралык маселелер чечилди.

 

Муну менен катар улуттун коопсуздугун жана өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого багытталган аракеттер улантылып, мамлекеттик чек араларды тактоо иши жигердүү жүргүзүлдү.

Ал эми Жогорку Кеңеш өлкөдөгү бардык реформалардын башында туруп, ири долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна керектүү мыйзамдык базаны түзүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Керектүү демилгелерди көтөрүп, маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алдык. Ошондой эле эл аралык бир катар уюмдарга мүчөлүк кылган парламентибиз өлкө кызыкчылыгын дүйнөлүк деңгээлде коргоодо да өзүнүн бийик жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды. Ошондой эле Кытай, Улуу Британия, Австрия, Мажарстан, Монголия өңдүү мамлекеттерге расмий сапар менен барып, эки тараптуу алакаларды арттырууга арналган көптөгөн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетиштик. Келе жаткан жылы да өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган кадамыбызды улантып, алгылыктуу иштерди аткарууга жетишебиз деген терең ишеничтебиз.

 

Кадырлуу кыргызстандыктар!

 

Ушул мүнөттөрдө ар бир үйдө ак дасторкон жайылып, жаңы жылга жакшы тилек-үмүттөр менен аттаганы турабыз. Андыктан айткан ар бир тилегибиз келе жаткан жылда орундалып, үйүбүзгө ынтымак, ырыс жана кут орносун! Өлкөбүздө тынчтык жана биримдик болуп, элибиз эңсеген Кыргызстанды курууга карата жасаган кадамыбыз арыбасын!

 

Керегебиз кемибей, түндүгүбүз бийик болуп, коломтобуздун оту өчпөсүн! Күнөстүү мамлекетибиз гүлдөп-өнүгүп, элибизди жаратканыбыз бөөдө кырсыктардан сактасын!”

Связанный пост